Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырды

31.03.2026 | 17:58

Бүгүн, 31-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

Комиссиянын маалыматында, ал депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырган. Асанбеков шаардык кеңешке “Эмгек” депутаттык фракциясында 2024-жылы шайланып келген.

Scroll to Top