УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды
02.04.2026 | 15:11

Бишкек шаарында 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, ал анын кызыл өңгөчүнө тыгылып калган. 3,5×4 см өлчөмүндөгү сөөктү дарыгерлер хирургиялык жол менен чыгарышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин өспүрүм шаардагы эки ооруканага кайрылган, бирок ал жерлерде сөөктү чыгаруу мүмкүн болгон эмес. Андан соң бейтап Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Аталган мекеменин хирургия бөлүмүнүн дарыгерлери тарабынан операция жасалып, тыгылып калган сөөк алынган. Операция адистердин жана профессорлордун катышуусунда жүргүзүлгөн. Учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу, ден соолугу калыбына келүүдө.