Казакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алат
Бишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт
03.04.2026 | 12:49

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, 6-апрелден тарта Бишкек шаарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык экзамендер жаңы дарек боюнча өткөрүлө баштайт.
Буга чейин экзамендер Чокон Валиханов көчөсү, 2/3 дарегинде жайгашкан Чыгыш бөлүмүндө кабыл алынып келген. Эми талапкерлер Фатьянов көчөсү, 170а дарегине барышы керек. Багыт — Горький көчөсү, 142.
Борбордон белгилешкендей, экзаменге мурунку дарек боюнча жазылып койгон жарандар өздөрүнө белгиленген күнү жана убактысында жаңы дарекке келиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом