Балыкчыда синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендер кармалды

Ушул жылдын март айында милиция кызматкерлери тарабынан синтетикалык наркотика менен уулануунун төрт фактысы аныкталып, анын бири өлүм менен аяктаган. Укук коргоо органдары аталган фактылар боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.
ИИМдин маалыматында, ыкчам иштердин алкагында 21 жаштагы А.М.Т. 5 грамм синтетикалык баңгизат менен кармалган. Андан аркы иликтөөдө Бишкек шаарында 23 жаштагы А.К.С. жана Д.Р.А. аттуу жарандар 30 грамм синтетикалык баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан учурда колго түшкөн.
Ошондой эле кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары 25 жаштагы У.Р.С. аныкталып, кармалган. Анын жашаган дарегин тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу лаборатория табылып, жалпы 1 кг 505 г зат жана тийиштүү жабдуулар алынган.
Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.