Бекешев мамлекеттик кызматка кирүүдө майыптыгы бар адамдарга артыкчылык берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөйт. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Анын айтымында, документ майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамга, ошондой эле эл аралык конвенцияга ылайык иштелип чыккан. Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн кадрлар резервине кошууда майыптыгы бар адамдарга артыкчылык берүү нормасын сунуштайт.
Депутат белгилегендей, учурда мамлекеттик кызматка орношуу үчүн сөзсүз түрдө кадрлар резервинде туруу талап кылынат. Бул ретте, эгер талапкердин тиешелүү квалификациясы болсо, майыптыгы бар адамдарга тандоодо артыкчылык берүү сунушталууда.
«Уюмдарда майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу үчүн 4 пайыздык квота иштеши керек. Мисалы, штатта 25 адам болсо — кеминде бирөө, 50 адам болсо — эки, 75 жана андан көп болсо — үч адам иштеши зарыл», — деди ал.
Ошол эле учурда депутат демилгенин толук кандуу иштеши күмөн экенин да белгиледи.
«Бул мыйзам долбоору толук ийгиликтүү иштейт деп айта албайм, анткени көпчүлүк майыптыгы бар адамдар жогорку билим ала алышпайт. Бирок эгер адамдын билими жана квалификациясы болсо, анда анын мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштөөгө укугу болушу керек», — деп кошумчалады ал.