Садыр Жапаров КРСУнун кампусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) кампусун куруунун шарттары жөнүндө Россия менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган, ал эми үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Долбоор университеттин заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктурасын түзүүгө, жогорку билим берүүнүн жана илимий ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Макулдашууга ылайык, кампус 15 миң студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Ошондой эле документ объекттерди долбоорлоо, куруу, каржылоо, көзөмөлдөө жана пайдаланууга берүү маселелерин жөнгө салат.
Буга чейин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашов кампусту куруу үчүн кыргыз тарап Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айыл аймагынан 30 гектарга жакын жер тилкесин бөлүп бергенин билдирген. Жер Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонду аркылуу университетке акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилген.
Кыргызстан жер жана инженердик маселелерди чечүүнү өзүнө алат, ал эми россиялык тарап кампустун курулушун толугу менен каржылайт. Долбоордун биринчи этабында 15 миллиард рублга жакын каражат бөлүү пландалууда, ал эми курулуш аяктагандан кийин бардык мүлк Кыргызстандын менчигинде калат.