УКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалдыАдылбек Касымалиев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаум менен жолугуштуАк-Буурадан 3 миң тоннадан ашык калдык жана кум-шагыл чыгарылды. Президент дарыяны тазалоо ишин текшердиТүштүктөгү мектептердин жетишсиздиги: КР президенти көйгөй кантип чечилип жатканын айтып бердиЭми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайтБишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды
Саламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылды
08.04.2026 | 12:13

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан «Мизопростол» 350 миң таңгак дары каражаты берилди. Гуманитардык жардамдын суммасы 18,4 млн сомду түздү.
Министрликтин маалыматында, бул каражат энелердин ден соолугун коргоо тутумун чыңдоо жана аялдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында берилген. Мизопростол жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирет. Ал акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө оорунун өрчүшүп кетүүсүн алдын алуу үчүн колдонулат.
Дары каражаты өлкө аймагындагы 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт. Препарат медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилери айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина