Акыркы эки жылда 5 млрд сомдон ашык суммадагы социалдык объекттер мамлекетке кайтарылды

08.04.2026 | 13:16

Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев мамлекеттик жана муниципалдык менчикти коргоо багытындагы көзөмөл ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бул багытта жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1 246 мыйзам бузуу аныкталып, 690 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген. 50 кылмыш иши козголуп, сотторго 188 доо арыз жөнөтүлгөн.

«Көрүлгөн чаралардын негизинде 282 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген зыян 23 млрд 673 млн сом өлчөмүндө өндүрүлдү», — деди башкы прокурор.

Ал белгилегендей, билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт тармактарында социалдык объекттердин жетишсиздигин эске алуу менен мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен объекттерди мамлекетке кайтарууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Мисалы, 2012–2023-жылдары прокуратура органдары тарабынан жалпы 1 млрд 174 млн сомдук 143 социалдык объект кайтарылган болсо, акыркы эки жылда эле 5 млрд сомдон ашык суммадагы 115 объект мамлекетке кайтарылды. Мындан тышкары, соттордо дагы 93 объект боюнча прокуратуранын доо арыздары каралууда.

Ал эми 2025-жылы прокурордук чаралардын негизинде республика боюнча 72 социалдык объект кайтарылды. Анын ичинде:

  • 15 бала бакча
  • 14 билим берүү мекемеси
  • 15 саламаттык сактоо объектиси
  • 7 маданият объектиси
  • 4 спорт объектиси
  • 17 башка социалдык объект

Алардын жалпы аянты 36 209 чарчы метрди, ал эми тиешелүү жер тилкелеринин аянты 57 гектарды түзөт. Жалпы баасы 4 млрд сомдон ашат.

Scroll to Top