Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды
10.04.2026 | 12:39

Бишкек шаарында Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, тергөөдө кармалгандар аталган экстремисттик уюмдун идеологиясын жайылтуу жана анын катарына адамдарды тартуу менен алектенип келгени аныкталган.

Алардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда чет өлкөдө басылып чыккан адабияттар жана материалдар табылып алынган.
Учурда кармалган жарандарга карата тергөө иш-чаралары улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар