Дүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — Абдыров

Ормуз кысыгынын блокадасына жана Иран менен Катардын инфратүзүмүнө сокку урууга алып келген Жакынкы Чыгыштагы жаңжал дүйнөлүк энергетикалык рыноктордо шок жаратты. Эки жумалык морт элдешүүгө карабастан, эскалациянын жаңы айлампасынын коркунучу жогору бойдон калууда. Мунайдын баасы баррелине 180 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүнбү, Кытай менен Индиянын экономикалары үчүн «оор чек» кайда жайгашкан жана Борбордук Азия аркылуу өткөн кургактык коридору деңиз жолдорун алмаштыра алабы?
Бул кырдаалды атайын Reporter.kg үчүн экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров талдап чыкты.
Мунай баасынын сценарийлери: базалыктан экстремалдыкка чейин
Ормуз кысыгынын блокадасы — бул дүйнөлүк логистиканын так жүрөгүнө урулган сокку. Бул артерия аркылуу дүйнөлүк мунай жана мунай продуктуларын керектөөнүн 20%га жакыны, ошондой эле суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) дүйнөлүк соодалоонун 20%га жакыны өтөт. Эксперттин айтымында, катардын СЖГсын (суткасына болжол менен 300 млн куб метр) тез арада алмаштыра турган физикалык жактан эч нерсе жок.
Учурда Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 97,15 доллар деңгээлинде сатылууда. Деген менен, Төлөнбек Абдыров бир катар дүйнөлүк ЖМКлар жасап жаткан баанын баррелине 180 долларга чейин өсүшү тууралуу апокалиптикалык божомолду жакынкы 6–12 айдын ичинде ишке ашпай турган (күмөндүү) нерсе деп эсептейт.
«Бүгүн биз эки жумалык элдешүү орнотулганын көрүп жатабыз. Кеме компаниялары дагы эле коопсуздуктун бекем кепилдиктерин күтүп жатканына карабастан, кысык аркылуу кыймыл акырындап калыбына келе баштады. Логистиканын толук нормалдашуусу 6 жумадан 8 жумага чейин убакытты талап кылышы мүмкүн», — деп белгилейт экономист.
Эксперт окуялардын өнүгүшүнүн үч мүмкүн болгон сценарийин бөлүп көрсөтөт:
- Базалык сценарий (жарым-жартылай калыбына келүү): кеме каттамдары кайра башталат, бирок мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учуроолор жана кемелерди камсыздандыруунун өтө кымбаттыгы менен коштолот. Бул учурда мунайдын баасы баррелине 95–125 доллар коридорунда турукташат.
- Катаал сценарий (элдешүүнүн бузулушу): эгерде макулдашуулар бузулуп, инфратүзүмдүк зыяндар күчөсө, рынок буга баанын баррелине 130–160 долларга чейин өсүшү менен жооп кайтарат.
- Экстремалдык сценарий (толук блокада): Ормуз кысыгынын кайрадан толук масштабдуу парализацияланышы (тосулушу) жана инфратүзүмгө массалык сокку уруулар. Ушул, ишке ашуусу күмөн болгон учурда гана баа 160–180 долларлык чектен ашып кетиши мүмкүн.
Ири экономикалар эмнени күтүшү керек?
Ири азиялык экономикалар үчүн узакка созулган энергетикалык кризис коркунуч туудурат, бирок алардын туруктуулук запасы ар кандай. Төлөнбек Абдыровдун пикиринде, кайтып келгис чекит баррелдин баасы менен гана эмес, жеткирүүлөрдөгү үзгүлтүктөрдүн узактыгы менен да аныкталат.
Индия Жакынкы Чыгыштын энергия ресурстарына өтө көз каранды болгондуктан, максималдуу тобокелдик зонасында турат.
«Индия үчүн кризис эртерээк келет. Эгер мунайдын баасы 120–130 доллар деңгээлинде узак убакытка сакталса, бул дароо эле инфляцияга, учурдагы эсептерге жана рупиянын курсуна сокку урат. Бул чындап эле олуттуу көйгөйгө айланат», — деп түшүндүрөт Абдыров.
Кытайдын туруктуулук запасы жогорураак. Бээжин тутумду субсидиялоо жана ички шокту административдик жол менен текшилөө инструменттерине ээ. Мындан тышкары, КЭРдин экономикасы көбүрөөк диверсификацияланган.
«Кытай үчүн мунайдын баасы 130–140 доллардан ашкан жана газ логистикасы бир чейрек же андан да көп убакытка бузулган бойдон калган сценарий кооптуу. Ошондо сокку инфляцияга гана эмес, өнөр жай маржасына (пайдасына), фрахттын (ташуу) баасына жана оң соода балансына да тиет. Дал ушул чек КЭРде олуттуу системалык көйгөйлөрдүн башталышы болот», — деп баса белгилейт эксперт.
Борбордук Азия Ормуз кысыгынын кургактыктагы альтернативасы боло алабы?
Деңиз жолдорундагы кризистин фонунда Борбордук Азияны, өзгөчө Кыргызстанды, негизги энергетикалык жана транзиттик хабга айландыруу тууралуу сөздөр кайрадан жанданды. Россия менен Кытай кургактыктагы каттамдарга — Транскаспий коридоруна жана «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолуна жигердүү инвестиция салууда.
Бирок Төлөнбек Абдыров кырдаалга реалдуу кароого чакырат:
«Кытай менен Россиянын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү, бирок убакыт жетпейт. Айрым тилкелердин курулушун 1,5–3 жылдын ичинде тездетүүгө болот, бирок Ормуз кысыгына толук кандуу иштеген кургактыктагы альтернативаны куруу физикалык жактан мүмкүн эмес. Глобалдык масштабдагы деңиз энергетикалык артериясынын эквивалентин көз ирмемде түзүү мүмкүн эмес».
Экономисттин айтымында, көйгөй курулушта гана эмес. Каспий портторунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү, кыймылдуу курамдын жетишсиздиги, татаал бажы жана санариптик жол-жоболор, ошондой эле коопсуздук жана жүктөрдү камсыздандыруу маселелери «тар жерлер» (көйгөйлүү аймактар) бойдон калууда.
Борбордук Азия чынында эле евразиялык логистиканы диверсификациялоонун маанилүү элементи боло алат жана болушу керек. Кургактык коридорлору контейнердик ташуулар, өнөр жай продукциясы жана Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанда өндүрүлгөн мунай продуктуларынын бир бөлүгү үчүн натыйжалуу иштейт. Бирок кургактык аркылуу ташуулардын көлөмүн деңиз менен салыштырууга болбойт, ошондуктан жакынкы келечекте чөлкөм Перс булуңун толук кандуу алмаштыра албайт.
Артём Суворов