Эскертебиз: КРда электр энергиясына тарифтер 1-майдан тарта өзгөрөт

14.04.2026 | 09:35

Кыргызстанда 1-майдан тарта керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет.

Буга чейин маалымдалгандай, тарифтик торчо сегиз негизги категорияга бөлүнгөн:
• «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн — 700 киловатт-саатка чейинки тариф өзгөрүүсүз калып, 50 тыйынды түзөт;
• бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн — 700 киловатт-сааттык чек жок, тариф 1 сом 64 тыйынды түзөт;
• калк үчүн — 700 киловатт-саатка чейин керектөөдө тариф 1 сом 64 тыйынды, ал эми 700 киловатт-сааттан ашса — 2 сом 94 тыйынды түзөт;
• социалдык жана коомдук керектөөчүлөр (анын ичинде насостук станциялар, диний уюмдар, интернаттар, балдар мекемелери, ошондой эле майыптыгы бар адамдар жана карылар үчүн мекемелер) үчүн — тариф 2 сом 96 тыйынды түзөт;
• өнөр жай керектөөчүлөрү — 3 сом 65 тыйындан, бюджеттик мекемелер — 4 сом 62 тыйындан, коммерциялык керектөөчүлөр (банктар, кафе жана ресторандар) — 4 сом 33 тыйындан төлөшөт;
• энергияны көп талап кылган (көп керектөөчү) жайлар (анын ичинде алтын казып алуу жана алкоголдук өнөр жай ишканалары) үчүн — тариф 6 сом 84 тыйынды түзөт.

Scroll to Top