«Тасмада зомбулук, ырайымсыздык камтылган»: Кыргызстанда «Өч 2» көркөм тасмасы көрсөтүүдөн алынды

Кинематография департаментинин комиссиясы «Өч 2» көркөм тасмасын өлкө аймагында көрсөтүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Мындай чечим 13-апрелде чыгарылганын Маданият министрлиги билдирди.
Эксперттик комиссия тасмада зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр камтылганын аныктаган. Ошондой эле тасмада социалдык баалуулуктарды жайылтуу жана тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени белгиленген.
“Аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды”,-деп билдирди министрлик.
Буга байланыштуу «Кыргызтасмасы» киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Түлекеев кызматынан бошотулду. Ошондой эле кинотеатрларга тасманы көрсөтүүдөн алып салууга милдеттендирилди.
Драма, триллер жанрларындагы «Өч 2» тасмасын режиссерлор Илгиз Куватбек жана Шамилбек Бекболсун уулу тарткан.