Ысык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды

14.04.2026 | 15:17

УКМК Ысык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, баңги зат жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн топтун ишине бөгөт коюлганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, Ысык-Көл облустук ИИБ менен биргеликте аймакта ыкчам тергөө иштери жүрүгүзүлүп, тыюу салынган заттарды бөлүштүрүү каналы аныкталган. Натыйжада аталган канал жабылып, кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.С.К. жана К.Т.Н. кармалган.

Ошондой эле тинтүү иштеринин жүрүшүндө баңги каражаттарын даярдоого арналган нарколаборатория аныкталган. Ал жерден психотроптук заттарды өндүрүү жана аларды республика аймагында сатуу үчүн колдонулуучу 10 килограммдан ашык аралашма заттар жана химиялык компоненттер алынган.

Учурда кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Scroll to Top