Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Баткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөт
14.04.2026 | 17:59

20–21-апрель күндөрү Баткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Фестивалдын максаты — Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн таанытуу жана коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо болуп саналат.
Фестивалдын алкагында бир катар сынактар өткөрүлөт. Алар:
- Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;
- Улуттук тамак-аштардын жарманкеси;
- Элдик ырларды жана аспаптык музыканы аткаруу сынагы.
Катышуучулардын чеберчилигин эл аралык калыстар тобу баалайт. Сынактарга жергиликтүү тургундар, ошондой эле Өзбекстан жана Тажикстандан келген коноктор катышат.
Программанын биринчи күнүндө расмий ачылыш аземи, сынактар жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо өткөрүлөт. Экинчи күнү кол өнөрчүлүк, гүлдөр жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулуп, Муз-Булак коругуна саякат жасалат.