Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулат

15.04.2026 | 11:09

Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулат. Учурда курулушка даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоордун алкагында унаа жолдун 409-чакырымында таш кулоодон коргоочу курулуштар, ал эми 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотулат.

Учурда тоннель курула турган аймакка бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана лабораториялар курулуп жатат. Техникалар жана жабдуулар жеткирилүүдө. Быйылкы жылдын аягына чейин 250 метр тоннелди казуу иштерин жүргүзүү пландалган.

Курулуш былтыр июнь айында башталган, ал эми аны 2028-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан ишке ашырылууда.

Scroll to Top