Бишкекте соттук эксперттерди даярдоо жана алардын жетишсиздиги талкууланды
Бишкекте борбор калаанын алдыңкы ЖОЖдорунун соттук экспертиза кафедра башчылары жана окутуучулар курамы менен болгон жолугушууда кадрларды даярдоо жана ЖОЖдордун соттук-эксперттик кызмат менен өз ара аракеттенүүсү маселелери талкууланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чара кадрлар резервин түзүү жана студенттердин соттук экспертиза чөйрөсүндө кесибин аркалоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында өттү. Анда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы өз ара байланышты бекемдөө негизги тема болду.

Такталгандай, иш-чарага Б. Ельцин атындагы КРСУнун (Кыргыз-Россия Славян университети), Ж. Баласагын атындагы КУУнун (Кыргыз улуттук университети), ошондой эле КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын өкүлдөрү катышты.
Окутуучуларга кызматтын ишинин негизги багыттары, жүргүзүлүп жаткан соттук экспертизалардын түрлөрү жана сот адилеттиги системасындагы эксперттердин ролу тууралуу айтып беришти. Ошондой эле мекеменин ишмердүүлүгүнө сереп салынып, кадр маселесиндеги учурдагы көйгөйлөр белгиленди.

Жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду. Тармактык багыттардын бүтүрүүчүлөрү эксперттик чөйрөдө иштөөнү дайыма эле тандай беришпей турганы, буга эмгек акынын деңгээли да себеп экени айтылды.

«Кызматтын бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз ишинин практикалык өңүттөрү менен бөлүшүп, эксперттик изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү жана болочок адистерге коюлган талаптар тууралуу айтып беришти. ЖОЖдордун өкүлдөрү өз кезегинде бир катар системалык маселелерди белгилешти. Тиешелүү билим берүү адистиктеринин жоктугунан улам, бардык эле бош жумуш орундары бүтүрүүчүлөр менен толуктала албай турганы айтылууда. Окуу программаларын кеңейтүү жана заман талабына ылайыктоо (актуалдаштыруу) зарылдыгы баса белгиленди», – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында коноктор үчүн кызматтын бөлүмдөрү боюнча таанышуу экскурсиясы уюштурулду.
Окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар жана экспертизанын айрым түрлөрүн жүргүзүү процесси көрсөтүлдү.
