Кыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлду
Чыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөт
16.04.2026 | 10:38
Чыңгыз Айдарбеков 16-апрелде БШКга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу арызы менен кайрылды, деп билдирет Боршайкомдун басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин ал Боршайкомго депутаттык мандат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бош орун депутат Кубанычбек Конгантиев кеткенден кийин пайда болгон.
БШКдан мандатты өткөрүп берүү үчүн ИИМден тиешелүү маалымкат күтүлүп жатканын белгилешкен.
Кечээ, 15-апрелде, Айдарбековго карата кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Буга байланыштуу КР ЖК депутатынын бош мандаты Мирлан Жээнчороевге өтөт.