Көп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева

20.04.2026 | 16:25

Бардыгы көп векторлуулук, кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө айтышат, бирок конкреттүү кырдаалдарга келгенде, көптөгөн мамлекеттер этияттыкты тандашат. Тегерандын ШКУдагы өкүлү Мохаммад Расул Жафаринин билдирүүсүнө саясат таануучу Алина Молдокеева Reporter.kg сайтына ушинтип комментарий берди.

Эске салсак, Иран ШКУну саясий декларациялардан конкреттүү кадамдарга, тактап айтканда — «америкалык-израилдик терроризмге» каршы чечкиндүү аракеттерге өтүүгө чакырган.

Мохаммад Расул Жафари Иран эл аралык укукту одоно бузуу катары баалаган окуяларга кенен токтолуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн кызып турган учурунда АКШнын колдоосу менен жасалган Израилдин Иранга түз аскердик кол салуусун эске салды.

Ирандын өкүлү бул аракеттер өлкөнүн инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип, адам өлүмүнө алып келгенин баса белгиледи, деп айтылат маалыматта.

Молдокеева түшүндүргөндөй, ар бир өлкө болуп жаткан окуяларды түшүнүп турат жана балким Иранга боору да ооруйт, бирок реалдуу аракеттерге келгенде, аларды жасоого шашылышпайт.

Ирандын ШКУ өлкөлөрүн декларациялардан конкреттүү кадамдарга, анын ичинде АКШ менен Израилге карата катуураак аракеттерге өтүү чакырыгынын фонунда, көп векторлуу саясаты бар Кыргызстан кандай аракеттениши керек деген Reporter.kgнин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Молдокеева кандай гана кырдаал болбосун эртеби-кечпи тандоо учуру келерин белгиледи. Анын айтымында, саясатчылар канчалык кыйтыр (жабык) сүйлөшпөсүн, өлкөгө өз багытын — шарттуу түрдө «оңго же солго» экенин аныктап алуу керек болгон «Х күнү» келет.

Кыргызстанга келсек, эксперттин пикиринде, республика татаал абалда турат, анткени ал ШКУда чечүүчү актер (оюнчу) болуп саналбайт жана экономикалык факторлордон улам, бир катар милдеттенмелер менен байланышкандыктан, катуу реакция жасоого мүмкүнчүлүгү жок.

Ал ошондой эле акыркы мезгилде АКШ Борбордук Азиядагы активдүүлүгүн күчөтүп, аймактагы өлкөлөрдү акырындап өзүнүн таасир этүү чөйрөсүнө тартып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Казакстан өз тандоосун жасады, Өзбекстан лоялдуулугун (ишенимдүүлүгүн) көрсөтүп, АКШ менен кызматташууну тереңдетүүнү караштырууда, Түркмөнстан салттуу түрдө бейтараптуулукту карманууда, ал эми Тажикстан менен Кыргызстан белгисиз абалда калууда.

«Кыргызстан татаал кырдаалда калууну каалабайт эле, бирок иш жүзүндө ар кандай векторлордун ортосунда турат. Жыйынтыгында өлкө дилеммага туш болууда: тикелей айта албайт, бирок ошол эле учурда баарын сезип турат?» — деп түшүндүрдү Молдокеева.

Scroll to Top