Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынан кийин UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Бишкекте өткөн 2026-жылкы Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен UWW (Бириккен дүйнөлүк күрөш) версиясы боюнча мыкты балбандардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү.
6–12-апрель күндөрү болуп өткөн турнирде Кыргызстандын курама командасынын капитаны 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Мелдештин жыйынтыгы менен Акматалиев 6500 рейтингдик балл топтоп, дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Кыргызстандык балбан Бишкектеги турнирде 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, Азия чемпиону аталган япониялык учурдагы дүйнө чемпиону Ёсиносукэ Аоягини артта калтырды.
Буга чейин Акматалиев америкалык Real American Freestyle (RAF) лигасы менен келишимге кол койгону кабарланган.
RAF — 2025-жылы негизделген эркин күрөш боюнча кесипкөй лига. Ал дүйнөнүн алдыңкы балбандарынын, анын ичинде Олимпиада чемпиондорунун жана UFC уюмунун мурдагы мушкерлеринин башын бириктирет.
Кыргызстандык балбан 31-майда Даллас шаарында (АКШ, Техас штаты) өтө турган RAF 09 турниринде дебюттук беттешин өткөрөт.