Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт

20.04.2026 | 10:59

23–24-апрель күндөрү Манас шаарында XVII эл аралык «Китеп FEST – 2026» фестивалы өтөт. Иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналып уюштурулууда.

Фестивалдын максаты — китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана китеп окуу маданиятын өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстандан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан келген акын-жазуучулар, басмаканалардын жана китепканалардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери катышат.

Фестивалдын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:

  • китеп көргөзмөлөрү;
  • акын-жазуучулар менен жолугушуулар;
  • концерттик программалар;
  • адабий конкурстар;
  • театрлаштырылган оюн-зооктор;
  • интерактивдүү иш-чаралар.

Ошондой эле китеп жумалыгынын алкагында республиканын бардык китепканаларында китеп фестивалдары жана маданий иш-чаралар параллелдүү түрдө өткөрүлөт. Алсак, 22–23-апрель күндөрү Ош шаарында «Окурман Ош» фестивалы өтөт.

Scroll to Top