Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты
30.04.2020 | 10:10
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 25 бейтап айыкты. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
“Айыккандардын ичинен сезигизи Бишкектен, бешөө Ош шаарынан, төртөө Ош облусунан, бирөө Жалал-Абад облусунан, алты бейтап Нарындан, бир бейтап Ысык-Көл облусунан айыгып чыкты”, – деди Акматова.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 462 болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом