Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылды

22.04.2026 | 18:08

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанада Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, деп билдирет КР мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, өндүрүштүк кооперацияны, транспорттук-логистикалык каттамдарды жана маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө эки тараптын тең даярдыгы тастыкталды.

Эки тараптуу күн тартибин практикалык мазмун менен байытууга, анын ичинде соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Садыр Жапаров армян тарапты 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар достук, өз ара урматтоо жана ишеним духунда мамилелерди мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.

Scroll to Top