Беловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилди

21.04.2026 | 17:14

Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү «Эскерүү багы» патриоттук акциясы болуп өттү. Негизги аянтча катары Беловодское айылынын Борбордук паркы тандалып, ал жердеги реконструкцияланган баатыр-айылдаштардын эстелигинин жанына 150дөн ашык көчөт тигилди. Акцияга Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү катышты.

Бул акция Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон ар бир адамдын элесине арнап 27 миллион дарак отургузуу деген бирдиктүү максат менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүп келет. Быйыл ал совет элинин геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнүндө өттү.

Муну менен катар акция Кант жана Чолпон-Ата шаарларында да болду. Кант шаарында көчөттөр МИС паркындагы жоокер-боштондукка чыгаруучунун эстелигинин жанына тигилсе, Чолпон-Атада активисттер Осмонов көчөсүн бойлой аллея түзүштү.

Иш-чаранын уюштуруучулары катары Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кыргызстандагы «Жеңиш ыктыярчылары» кыймылы жана «Кыргызстан славяндары» бирикмеси чыгышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg Бишкектеги КОСУда нацизмдин курмандыктарына арналган «Унутулууга укуксуз» аттуу көргөзмө ачылганын жазган. Студенттер жана тарыхчылар архивдерден согуш жылдарында тынч калкты пландуу түрдө жок кылуу фактылары тууралуу документтерди көтөрүп чыгышкан — концлагерлердин туткундарынын жана атып өлтүрүлгөндөрдүн тизмесинде ондогон кыргызстандыктардын ысымдары табылган.

Scroll to Top