Жогорку Кеңеште чет элдик номерлүү унаалар менен Кыргызстанга кирүүнү кыргызстандыктар үчүн жеңилдетүү сунушталды
Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Болот Ибрагимов өлкөгө чет мамлекеттик каттоо номерлери бар унаалар менен кирип жаткан КР жарандары үчүн жеңилдиктерди кароону сунуштады.
Анын айтымында, бул көйгөй чет өлкөдө туруктуу же убактылуу жашаган КР жарандарына тиешелүү.
Парламентарий учурдагы тартипке өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана автотранспорт каражаттарын убактылуу алып кирүү үчүн өзгөчө шарттарды караштырууну сунуштады. Тактап айтканда, сөз унаалардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүнө чектөөлөрдү киргизүү, аларды кайра алып чыгып кетүү милдеттенмеси, ошондой эле чет өлкөдө жашаган же эмгектенген фактысын тастыктоо жөнүндө болуп жатат.
Ибрагимов белгилегендей, учурдагы нормалар транспорт каражаттарын алып кирүүнүн «көмүскө» схемаларына, бажы төлөмдөрүнөн качууга жана аларды мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүү үчүн кабыл алынган жана бул өзүн актаган чара болуп саналат. Ошол эле учурда, анын айтымында, чектөөлөр өлкө сыртында жүргөн ак ниет кыргызстандыктарга да кедергисин тийгизүүдө.
Ошондой эле депутат жайкы мезгилде унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга (тонировкага) уруксат алуу үчүн төлөмдү төмөндөтүү боюнча убактылуу чараны киргизүүнү кароону сунуштады.