Кыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашырат

Бүгүн, 24-апрелде, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шаньдун провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын бардык аймактарында өндүрүш ишканаларын түзүү менен «250 өндүрүш линиясы» программасын ишке ашырууну макулдашты.
Бул программа чакан жана орто бизнести колдоого багытталган. Кытай тарап аталган программаны жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушууда өнөр жай, кайра иштетүү жана маданий-гуманитардык тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине басым жасалды. Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана эки тараптуу иш сапарлар тууралуу сөз болду.
Тараптар кызматташууну баштоо максатында жумушчу механизмдердин алкагында байланыштарды улантууну макулдашты.