Биринчи май райондук прокуратурасы балдардын укуктарын коргоо ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүдө

24.04.2026 | 14:12

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы жашы жете электердин укуктарын коргоо жана алардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.

Анын алкагында, балдардын кароосуз калуусун алдын алуу боюнча билим берүү уюмдарынын жана ички иштер органдарынын иши текшерилүүдө. Эгерде мыйзам бзуу аныкталса, кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылат.

Мындан тышкары прокуратура жашы жете электер арасында укуктук түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жоопкерчилик тууралуу маалыматтар жайылтылып жатканын кошумчалалды.

“Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан балдарды тарбиялоо жана милдеттүү билим алууну камсыз кылуу боюнча милдеттердин аткарылышы көзөмөлгө алынат. Милдеттерин аткарбаган тараптарга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт”,- деп билдирди прокуратура.

Scroll to Top