Кыргызстан жакынкы арада кайсы жерлерде дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачат? ТИМ маалымат берди
Чет өлкөдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоону жакшыртуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү максатында, КР Тышкы иштер министрлиги жакынкы келечекте кайсы өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөр ачыларын Reporter.kg басылмасына айтып берди.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, артыкчылыктуу багыттардын бири — 3 миңге жакын кыргызстандык жашаган Египетте (Каир шаарында) КР элчилигин ачуу болуп саналат. Республиканын президенти Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгону жана ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргени такталды.
«Бул бизге экономика, соода, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, анткени Египет Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы маанилүү өнөктөш болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Тажикстан менен Ошто жана Кожентте (Худжанд) өз ара башкы консулдуктарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мындан тышкары, жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча Чыгыш Европада Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.