Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» энергетика тармагында кызматташат

24.04.2026 | 12:03

Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» ишканасы энергетика секторундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган меморандум кабыл алышты.

Документке агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен «ХанаЭнергиянын» директору Улугбек Марипов кол коюшту.

Анын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Тараптар бул макулдашуу заманбап технологияларды киргизүүгө, энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкө экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзөрүн белгилешкен.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, «ХанаЭнергия» жеке менчик ишкана катары Юстиция министрлигинде 2025-жылдын 23-июнунда катталган. Жетекчиси – Марипов Улугбек Махмуджанович. Ишкана башка электр станциялары тарабынан электр энергиясын өндүрүү менен алектенери айтылат.

Scroll to Top