Бишкекте 103 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайтты

23.04.2026 | 13:03

21-апрелде Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагерлеринин бири — Василий Дмитриевич Пухарев дүйнө салды. Ал 102 жашта болчу. Ардагердин Жеңиш күнүнө бир нече апта гана калганда көз жумганы өзгөчө өкүнүчтүү.

Василий Дмитриевич 1924-жылы 1-январда Кемерово облусунун Силен айылында туулган. 1942-жылы аскер кызматына чакырылып, алгач аткычтар полкунда машыгуудан өткөн, андан кийин пулемёттук дивизияда, ал эми 1943-жылдан тартып зениттик-артиллериялык полкто кызмат өтөгөн. Япония менен болгон согуштун жүрүшүндө Маньчжуриядагы согуштук аракеттерге катышып, күжүрмөн техниканы башкарган.

Аскерден кайткандан кийин токойчу, андан соң геология тармагында бургулоо боюнча нөөмөт чебери болуп иштеген. 1960-жылы Усть-Каменогорскидеги Титан-магний заводуна көчүп барып, ал жакта электромонтёр болуп эмгектенген. 1984-жылдан 1990-жылга чейин Ленин атындагы заводдо иштеген.

Күжүрмөн эмгеги үчүн Василий Дмитриевич Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына беш мааракелик медаль — Жеңиштин 60, 65, 70 жана 75 жылдыгына карата медалдары, ошондой эле Россия Федерациясынын мааракелик медалы менен сыйланган.

Ардагердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ведомствонун төрагасы, генерал-майор Абдикарим Алимбаев 2025-жылы ардагер менен болгон жолугушуусун эскерип:

«Карылыгына карабастан, анын акылы тунук, жашоого болгон кубаты күчтүү жана айланасында болуп жаткан окуяларга чын дилинен кызыкчу», — деп белгиледи.

Жаткан жери жайлуу болсун.

Scroll to Top