КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкуулады

23.04.2026 | 10:13

КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Дамир Осмонов Астанадагы Аймактык экологиялык саммитте балдардын ден соолугу жана климаттын Борбордук Азиянын саламаттык сактоо системасына тийгизген таасири маселелерин талкуулады, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Такталгандай, «Ар бир баланын ден соолугу жана бакубаттуулугу: балдардын ден соолугун коргоонун заманбап стратегиялары» аттуу жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Азербайжандын жана Грузиянын саламаттык сактоо министрликтеринин башчылары, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр катышты.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо системаларын бекемдөөнү, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүнү, оорулардын алдын алууну, иммунизацияны, психикалык ден соолукту сактоону жана калктын аялуу катмарын коргоону караган Аракет кылууга үндөгөн Астана чакырыгы кабыл алынды.

Дамир Осмонов белгилегендей, өлкөнүн тоолуу аймактары медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугуна таасирин тийгизет, ал эми климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эрүүсү, суу ресурстарынын тартыштыгы жана айрым калктуу конуштардын обочолонушу (алыстыгы) заманбап ыкмаларды, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды, санариптик чечимдерди, мобилдик медициналык кызматтарды жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү системаларын киргизүүнү талап кылат.

Ал ошондой эле тоолуу аймактардын чакырыктары Арал боюндагы жана Каспий бассейниндеги көйгөйлөргө окшош экенин белгилеп, аймактык кызматташтыкты күчөтүү жана тажрыйба алмашуу зарылдыгын баса белгиледи.

Осмонов кошумчалагандай, Кыргызстан экологиялык жана климаттык күн тартибинде ден соолуктун артыкчылыгын сактап калуу үчүн ДССУ жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр.

Scroll to Top