Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте Улуттук онкология борборунда медкызматкерден коронавирус аныкталды
08.05.2020 | 17:12
Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакын байланышта болгон медкызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.
“Элдин арасында байланышта болгондор жок. Анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды. Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом