Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Ишке чыккандардын жанында эмне документтер болушу керек? Расмий жооп
11.05.2020 | 15:31
Карантин учурунда жүйөөлүү себеп боюнча шаарда жүрүүгө муктаждыгы бар жарандар үйдөн чыгуу себеби жана багыты көрсөтүлгөн маршруттук баракчаны мындан ары да алып жүрүшү керек. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл мурдагыдай эле чектелет. Ал эми экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилген тармакта эмгектенгендер уюм катталган жерден маалымдама алышы зарыл.
Жеке ишкерлер болсо жанында патент алып жүрүүгө тийиш.
Иштегенге уруксат берилгендер 13-майга чейин тийиштүү мөөрү басылган маалымдама алуусу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом