Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Кыргызстанда Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
21.05.2020 | 12:17
Быйыл айт намазы жылдагыдай Ала-Тоо аянтында жана мечиттерде жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.
“Коронавирустун жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз”, – деп жазылат маалыматта.
24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.
Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом