Бишкекте жана аймактарда күн сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкелер ишке киргизилүүдөАшууларда кар жаап жатат, бирок жол ачык2025-жылы соода жана жер казынасы Кыргызстандын бюджетинин негизги донорлору болушту26-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылды
Бишкекте Атамбаевге каршы жана аны колдогондор митингге чыгышты
01.06.2020 | 12:01
Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршылар жана аны колдогондор митингге чыгышты.
Атамбаевге каршы чыккандар аны «командасы менен кошо камалсын» деген талаптарын коюшууда. Ал эми Атамбаевди колдогондор «аны менен кошо камакта тургандардын күнөөсү жок» экенин айтышып, аларга «боштондук» деп кыйкырышууда.
Учурда Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантууда. Сыртта милиция кызматкерлери тартипти сактоо үчүн жерине келишти.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом