Чек ара чыры: жабыркаган эки адам реанимацияда

Чек ара чыры: жабыркаган эки адам реанимацияда

Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Чашма айылынын тургундарынын ортосундагы жаңжалдан улам,  ар кандай жаракаттарды алып 25 адам ооруканага кайрылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, учурда 4 адам ооруканада. Калган 21 киши алгачкы медициналык жардам алган соң үй шартында даарылоого жөнөтүлгөн.

Ооруканадагы 4 бейтаптын экөө реанимацияга жаткырылган, абалы оор деп бааланууда. Эки адам хирургия бөлүмүндө дарыланууда,  абалы орточо оор. Бейтаптарды дарылоо үчүн Баткен шаарынан реаниматолог жана травматолог жиберилген.

31-майда Кадамжай районунунда чек арадагы кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын ортосунда суу талаштан улам чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжалдан эки тараптын үй жана мал сарайлары өрттөнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>