Бишкек менен Ошто муниципалдык жерлерди ижарага берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашатБишкекте онкологиялык оорусу бар балдардын ата-энелери үчүн 70 орундуу пансион курулуудаАла-Арчаны бойлой променад: Бишкекте аймак асфальттоого даярдалуудаКыргызстан жана АӨБ 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк стратегиясын талкуулаштыДүйнөлүк банк жана АӨБ Кыргызстандын реформаларын колдоого даяр
Бишкекте Атамбаевге каршы жана аны колдогондор митингге чыгышты
01.06.2020 | 12:01
Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршылар жана аны колдогондор митингге чыгышты.
Атамбаевге каршы чыккандар аны «командасы менен кошо камалсын» деген талаптарын коюшууда. Ал эми Атамбаевди колдогондор «аны менен кошо камакта тургандардын күнөөсү жок» экенин айтышып, аларга «боштондук» деп кыйкырышууда.
Учурда Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантууда. Сыртта милиция кызматкерлери тартипти сактоо үчүн жерине келишти.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом