Блогер Элмир Сыдымановдун иши убактылуу токтотулду

Блогер Элмир Сыдымановдун иши убактылуу токтотулду

Блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Али Магеев журналисттерге билдирген.

Жактоочунун айтымында, 8-июнда өткөн отурумда судья блогердин айткандары боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айткан. Ал эми  чечим экспертизанын жыйынтыгына карата чыгарылмай болгон.

Буга чейин адвокат блогердин сөзүндө аймак аралык кастыкты козуткан сөздөрдүн бар экендигин далилдөө тууралуу лингвистикалык экспертиза дайындоону суранган, бирок судья баш тарткан.

Элмир Сыдыманов  “Инстаграм” баракчасынан  түз эфирде айткан сөздөрү үчүн аймак аралык кастыкты козутууга шектелип 17-февралда кармалган.

Октябрь райондук соту 28-февралда анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Кийин блогер өзүнүн катачылыгын мойнуна алып, элден кечирим сураган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>