Айчүрөк Самакова Чкалов мектебинде 34 жылдан бери иштеп келген – некролог

Айчүрөк Самакова Чкалов мектебинде 34 жылдан бери иштеп келген – некролог

Коронавирустан улам каза болгон Самакова Айчүрөк Сыдыковна Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору болуп 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Бул туууралуу Нарын шаардык мэриясынын маркумга карата жазылган некрологунда айтылат.

Айчүрөк Сыдыковна 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн.
1960-1968- жылдары Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы №2 орто-мектебинде билим алган. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, 1968- жылы Нарын медициналык окуу жайына тапшырып окуган.

1971-1974 -жылдары Нарын обком партиясынын жалпы бөлүмүндө техникалык катчы болуп эмгек жолун баштаган.

1974-1983-жылдардын аралыгында ошол эле жалпы бөлүмдүн эсеп-кысап боюнча инструктору;

1983-1986- жылдар ичинде жалпы бөлүмүнүн сектор башчысы кызматын аркалаган.

1986-жылдан 1997-жылга чейин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектебинде мектептен жана класстан сырткары иштерди уюштуруучу болуп мектеп жашоосуна аралашкан.

Ал өзүнүн эмгек жолунда биология сабагынын мугалими, тарбия иштери боюнча мектеп директордун орун басары, кийин директор болгон.

Ал изденген уюштургуч, сезимтал жетекчи катары окуучуларынын, коллегаларынын, ата-энелердин эсинде калат.

Мектеп-гимназия макамына ээ болуусуна, 2007-жылы «Даӊк» медалынын ыйгарылышы, ал эми 2010-жылы Республикада «Шаардын эӊ мыкты мектеби» болуп калуусуна Самакова Айчүрөк Сыдыковнанын эмгеги зор.

Урматтуу Айчүрөк Сыдыковнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун.

Н.Молдокадыров, Ж.Ботоканов, Д.Курманов, Н.Жумакадырова, К. Чымылдаков, Э.Өмүралиев, А.Абдыкеримов, Т.Кадыров, К.Мамбетов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>