ЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылды
“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшырды
09.06.2020 | 10:06
“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Маалыматты Баатырбеков өзү “Репортерго” тастыктады.
Ал мандатын тапшырып жатканын, өзүнөн кийинки адамдын кезеги келип калганы менен түшүндүрдү.
“Менин ордума мандат ала турган талапкер Бейшеналы Нурдинов шаардан көп добуш алган. Ошондуктан анын убактысы келди. Мен штабдын иштерине активдүү аралашып, кийинки шайлоого даярдык көрүү максатында кетип жатам”, – деди ал.
Баатырбеков ошондой эле, анын ордуна фракция лидери катары Канат Исаев шайланышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, кечээ ушул эле партиядан Руслан Чойбеков өз каалосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат