Тогуз-Тородо тургундарга 6 миң түп алма көчөтү бекер таратылдыАзия чемпионаты: Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөтИзраилдин Ливанга жасаган катуу соккуларынан 250дөн ашуун адам каза болду — эмне болуп жататАдылбек Касымалиев Алексей Оверчук менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыРаззак Бейшекеев грек-рим күрөшүндө алтын алып, Азия чемпиону болдуИнвестициялар боюнча улуттук агенттик NWT Group компаниясы менен энергетика, өнөр жай инфраструктурасы жаатында кызматташат
Казак парламентинин спикери коронавирус жуктуруп алды
17.06.2020 | 17:26
Казак парламентинин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Казакстан парламентинин мажилисинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнө таянып, жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Ага ылайык, спикер учурда карантинге алынган. Ал 14-июнда Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдун коронавируска чалдыккандыгы тастыкталгандыктан улам 16-июнда спикер Нурлан Нигматулин коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы оң чыккан.
Билдирүүгө караганда, ага диагноз симптомсуз деп коюлган. Учурда ал коюлган талаптарды сактап, карантинде.
Бирок ага карабастан спикер аралыктан иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом