Адылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан V менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууладыЕАӨБ: Быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү 26,3%га кыскарды2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөтТойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттү
Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 адам каза болду
27.06.2020 | 10:20
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти.
“Каза болгон жарандын бири Ош облустук ооруканасынан үзүлдү. Ал 51 жашта экени маалым болду. Экинчиси 76 жаштагы киши Жалал-Абад облусундагы ооруканада көз жумган, дагы бири Аксы райондук ооруканада дарыланып жаткан. Ал 74 жашта болчу”, — деди Каратаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом