Кубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдарКыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрү үрөндөрдү сактоо үчүн Якутиядагы уникалдуу криобанкка жөнөтүшөт
Кыргызстанда дагы 47 медик коронавирус жуктуруп алды
30.06.2020 | 09:44
Соңку сутка ичинде өлкө аймагында 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда алардын отуз үчү Бишкек шаарында иштеген дарыгерлер.
Бишкек шаары – 33
Чүй облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 4
Нарын облусунда – 2
Талас облусунда – 7
Ал эми соңку суткада 11 медициналык кызматкер сакайып, ооруканалардан чыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 830 учур катталды, алардын ичинен 442 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом