Бишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталдыМыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылды
2-июль: Кыргызстанда дагы 526 адамдан коронавирус аныкталып, 87 бейтап айыкты
02.07.2020 | 10:06
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 526 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 2-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 211;
Чүй облусу – 231;
Ош ш. – 19;
Ош облусу – 6;
Нарын облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 27;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 18;
Ысык-Көл облусу – 10.
2-июлга карата өлкөдө жалпы 6 миң 261 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны – 87 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 530 бейтап айыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом