Кыргыз мамлекеттик спорт академиясы масштабдуу түрдө реконструкцияланатСадыр Жапаров Ош шаарында МИКтин жаңы турак жай комплекстерин ачтыБишкектеги «Алтай» шаарчасынын курулушу кандай жүрүүдөАнвар Анарбаев Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалдыIV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүүдөКыргызстан менен Беларусь үрөнчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча макулдашууларга кол коюшту
2-июль: Кыргызстанда дагы 526 адамдан коронавирус аныкталып, 87 бейтап айыкты
02.07.2020 | 10:06
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 526 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 2-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 211;
Чүй облусу – 231;
Ош ш. – 19;
Ош облусу – 6;
Нарын облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 27;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 18;
Ысык-Көл облусу – 10.
2-июлга карата өлкөдө жалпы 6 миң 261 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны – 87 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 530 бейтап айыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом