Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы ИИМ башчысынын көзөмөлүндөБишкек менен Ошто майып балдар үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылдыМинистрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылды
Чубак Жалилов: мечитибизди обсервация катары колдонууга бергенге даярбыз
04.07.2020 | 17:12
Дин аалымы Чубак Жалилов эгерде зарылчылык болсо, жардам катары мечитти обсервацияга имарат катары берүүгө даяр. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, аталган мечит быйыл толук ремонт болгон: акталып, сырдалган. Ичинде кондиционерлери бар. Дааратканасы сыртта, жылуу суусу бар.
“Пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде: “Ким жалпы элдин көйгөйүн өзүнүн көйгөйү деп билбесе ал бизден эмес!” деп айтылган.
Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү!
Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз”, – деп жазган дин аалымы Фейсбук баракчасына.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом