Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампты куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампты куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампты АКШнын улуттук майрамы — көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем.

Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампка бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми АКШ элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>