Чүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылдыБишкекте 63 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду. Айдоочу изделүүдөМүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасына заманбап атайын техникалар тапшырылдыБишкекте дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтМектептерде күзгү каникулдун датасы белгилүү болду
12-июль: Кыргызстанда дагы 719 адамга коронавирус жукту
12.07.2020 | 10:21
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 719 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууалуу коронавируска күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб 12-июлда маалымдады.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —500 адам. Ош шаарында 37, Чүй облусунда 96, Ош облусунда 20, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 20, Баткен облусунда 34, Талас облусунда алты адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 151 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми 7 адам каза болгон.
18-марттан 12-июлга чейин өлкөдө жалпы 10625 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3387 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул оорудан 132 адам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом