Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
ТИМ кызматкери Марлен Калиев каза болду
14.07.2020 | 09:47
Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Марлен Калиев каза болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти..
Маалыматка ылайык, Марлен Калиев өлкөнүн дипломатиялык тармагында 2006-жылдан бери иштеп келген. Май айында ал 45 жашка толгон.
“Министрликтин борбордук аппаратынын жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин, дипломатиялык кызмат органдардын системасынын ведомстволук уюмдардын жамааты Марлен Калиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат “, – деп жазылат билдирүүдө.
Маркумдун өлүмүнүн себеби айтылган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом