Казакстанда карантин режими дагы 2 жумага узартылат

Казакстанда карантин режими дагы 2 жумага узартылат

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылат. Бул тууралуу кечээ,13-июлда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Токаев ошондой эле июль айында өкмөт муктаж жарандарга жардам катары 42 500 теңгеден (100 долларга жакын) төлөп берерин кошумчалады.

Казакстанда COVID-19 жана пневмония илдети жайылып кеткенине байланыштуу 5-июлда кайрадан эки жумалык карантин киргизилген. Алгачкы карантин пандемия жаңы башталган март айында жарыяланып, майдын ортосуна чейин күчүндө болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 59 899 кишиге жетип, 375 бейтап каза болду. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө өпкөсү кагынган 99 миң адам катталып, алардын 1772cи каза тапты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>