Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Валерий Кичин оюн учурунда каршылашын сабап салды – видео
23.07.2020 | 13:25
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда атаандаш команданын оюнчусун сабап салды. Окуянын видеосу “Кароче” телеграмм каналына жүктөлдү.
Маалыматка караганда, оюн Орусиянын “Енисей” жан “СКА Хабаровск” командаларынын ортосунда болуп жаткан.
Интернетке тарган видеодон кыргызстандык футболчунун оюн учурунда каршылашын бетке чаап, андан соң көтөрүп чапканын көрүүгө болот. Жаңжал уланып кетпеши үчүн башка оюнчулар аларды ажыратып калган.
Белгилей кетсек, Валерий Кичин июнь айында Орусиянын “Енисей” командасы менен келишим түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт